Айрым судьялар эбегейсиз байлыкты кайдан топтошкон? (видео)

1493

Айрым фемида өкүлдөрү эбегейсиз байлыкты кайдан топтошкон? Акыркы бир айдын ичинде эле Жогорку сотто иштеген экинчи судья «мыйзамсыз баюу» беренеси менен шектелип жатат. 15-декабрда Камил Осмоналиев атайын кызмат тарабынан колго түшүрүлсө, бул жолу атайын кызматтын кылтагына Дильфуза Боронбаева илинген.

Бирок аны жоопко тартуу боюнча сунуштама тартип комиссиясына келип түшө элек. УКМК иликтөөнүн жыйынтыгы менен гана материалдар Башкы прокуратурага жиберилерин маалымдаган. Ошондой эле, Жогорку соттун төрайымы камалабы же жокпу деген маселеге тартип комиссиясы чекит кое элек. Учурда Гүлбара Калиева ооруканада дарыланууда.