Ишкерге курал менен кол салууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

5628

Ысык-Ата районунда ишкерге курал менен кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. Шектүү кримчөйрөдө «БТР» деген каймана атты алып жүрөрү да белгиленди.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башында белгисиз бирөөлөр бизнесменди курал менен коркутуп буюмдарын алып кетишкен. Эмне болгон буюмдар экени тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ачыкталган эмес.

Милиция фактыны каттоого алгандан кийин шектүүнүн ким экенин аныктап, издөө жарыялаган. Ал эми сот анын баш коргоо чарасын сыртынан карап, камакка алуу чечимин чыгарган. 28 жаштагы шектүү Бишкектен кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.