Равшан Жээнбеков: Эч кимден кечирим сурабайм (видео)

1262

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери экс-депутат Равшан Жээнбековдон маркум Үсөн Ниязбековдун апасынан кечирим суроону талап кылышты. Ал эми уулунан айрылган эне Өктөм Мамаева мурдагы эл өкүлүнө каршы арыз менен башкы прокуратурага кайрылды. Буга Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумда эки тараптын ортосунда чыр чыгып, Равшан Жээнбековдун «Үсөн Ниязбековду адам өлтүргүч» деп атаганы себеп болду.

Экс-депутаттын мындай сөзү УКМКда иштегендерге жана атайын кызматтын ардагерлерине дагы катуу тийген. Равшан Жээнбеков болсо эч кимден кечирим сурабайм деп билдирди. Ал арада Кой-Таш окуясы боюнча кайрадан соттук териштирүү башынан башталаары белгилүү болду.