НТС

Күйүүчү май ташыган унаа дарыяга түшүп кетип, бир адам каза болду

Өткөн ишемби күнү Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кырсык түнкү саат 11лерден өтүп болгон. Аварияда дагы 2 киши жаракат алганы айтылууда. Куткаруучулар каза тапкан адамдын денесин унаадан алып чыгып, жабыркагандарды Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык айдоочунун 38 тонна бензин тартып бараткан унааны башкара албай калганынан улам келип чыккан. Бүгүн болсо бул кырсыктын кесепетинен балыктар кырылып жатканы маалым болду. Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкуловдун айтымында, аймактагы балык чарбаларында тонналаган балыктар өлүмгө учураган.

Айрым маалыматтар боюнча, жалпысынан 7 тоннадан ашуун балык кырылды. Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү чыгымдын өлчөмүн эсептеп жатышыптыр. Ал эми май ташыган унаа азырынча дарыядан чыгарыла элек.