НТС

Кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 % мигранттар түзөт

Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу Бишкекте өткөн адам сатууга каршы жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти. Кулчулукка кептелген аялдардын көбү сексуалдык кордукка кабылса, эркектер оор жумуштарга тартылат.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. Ошондой эле, быйыл жыл башынан бери адам сатууга байланыштуу 8 кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Алар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.