Дыйкандар кулпунай менен малинанын экинчи түшүмүн сатууга даярдыктарды көрө башташты. Буга чейин жаан чачындан кулпунайдын биринчи түшүмү начарыраак болуп, сапаты да ойдогудай болгон эмес.
Күндүн ысышын күткөн дыйкандар 10-15 күндөн кийин быша турган кулпунай менен малинанын түшүмүн көбөйтүү үчүн өсүмдүктөргө жер семирткич берип, мителерден арылтууда. Мөмө-жемиштердин негизги бөлүгү Казакстан менен Россияга жөнөтүлөт.