Орто-Сай базарындагы өрт кырсыгы атайылап жасалганбы? (видео)

2118

Былтыр Бишкектеги Орто-Сай базарынан чыккан өрт кырсыгы атайылап жасалганбы? Дал ушул окуяга шектелип 42 жаштагы жаран камакка алынганы белгилүү болду. Ал «башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга жана талкалоого» шектелип жатыптыр.

Эске салсак, бул кырсыкта 10дон ашык соодагердин күркөсү өрттөнүп, алар 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин бааланган товарынан кол жуушкан. Учурда айрымдары жумушсуз отурушса, кээ бири жолдун жээгинде соода-сатык кылууга мажбур экен. Ал арада атайылап өрт коюу ишинде жаңы жагдайлар белгилүү болду.