Улакчылар үчүн тигилген өтүктүн өзгөчөлүгү эмнеде? (видео)

4381

Бүгүн өтүкчүлөрдүн эл аралык күнү. Бул дата 1994-жылы бекитилген. Кыргызстандагы өтүкчүлөр үчүн бул кадимки жумуш күнү. Өзгөчө суук түшкөнү бут кийим оңдогондордун иши көбөйөт. Ултаруу кесибин аркалагандар сезондо каржы топтоп алууга аракет кылып жатышат.

Айрымдары үчүн өтүкчүлүк жалгыз киреше булагы болсо, муну жөн гана хобби катары көргөндөр да бар. Жыл өткөн сайын бул кесипке кызыккандардын саны көбөйүп жатканы айтылууда. Башында алар үйүндө бут кийим жасап сатышса, учурда чакан цех ачып ишин жолго салып алышкан.