Кыргызстан “Кара тизмеден” качан чыгат? (видео)

784

Оштун аба майданында 147 жүргүнчү ташып бара жатып, дөңгөлөктөрү жарылган аба кемеси боюнча Жарандык авиация агенттигинде атайын комиссия түзүлүп, иликтөө башталды. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, учактын дөңгөлөктөрү жаңы болгон, алар убагында техникалык кароодон өтүптүр. 2 ай мурда ушул эле авиакомпаниянын абада бара жаткан самолету бузулуп, кайра кайрылып жерге конгон.

Ал арада адистер авиация тармагында көйгөйлөргө дыкат көңүл буруу зарыл экенин айтышууда. Биринчи кезекте, Эл аралык жарандык авиация уюмунун “кара тизмесинен” чыгууга бардык аракеттерди жумшоо зарыл. Кыргызстан бул тизмеден 12-жылдан бери чыга албай келет.