Криминалдык милиция кызматы тарабынан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө

17767

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарында жашаган 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Айтурган 2020-жылдын 5-июль күнү болжол менен саат 20:00дө үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.

“Өмүрбекованын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билсеңиздер, анда төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040 202, 0707 040202, 0556 566 184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266 261”, — деп айтылат маалыматта.