Таштандыдан шыпыргы жасаган чебер (видео)

5138

Желим бөтөлкөдөн жасалган шыпыргылар. Бишкек шаарынын тургуну Ийгилик Курулушов муну чакан бизнеске айлантууну көздөөдө.

Пандемия башталгандан кийин Россиядан Кыргызстанга келип, жумуш таппай, киреше булагы жок калган чебер жөн отура бербей, дүкөндөрдөн чогултуп келген желим бөтөлкөлөрдөн шыпыргы жасап, сата баштаган. Жумасына беш миң сомго чейин табат.

Эгерде, анын мындай талантын колдогондор болсо, чакан цех ачып, беш адамды жумуш менен камсыз кылсам деген тилеги бар.