КР Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды (видео)

2014

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан КР Эл артисти Жамал Сейдакматова бүгүн таңга жуук үзүлгөн. Залкар инсанды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот. Тажия эртең мененки саат ондо Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Кыргыз кино жана театрынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошкон Жамал Сейдакматова 18 жашынан бери сахнада жана тасмада көптөгөн ролдордо ойногон. Акыркы жолу 2014-жылы режиссер Садык Шер-Нияз тарткан “Курманжан Датка” фильминде Алай ханышасынын улгайган кезиндеги образын жараткан эле.