Экс-министр 2 айга камалды. Кезек кимде? (видео)

4578

Коронавирус өлкөгө жайылган маалда медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди сатып алуу боюнча шашылыш чараларды көрбөгөн аткаминерлердин жоопкерчилиги карала баштады. Финполициянын маалыматы боюнча, фактылар «шалаакылык» жана «коррупция» беренелери козголуп, жалпысынан 5 кылмыш иши тергелүүдө.

Азырынча канча кишиге айып коюлганы ачыктала элек. Бирок маалыматтарга караганда, Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдары сурак берүүдө. Ал эми буга чейин кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жаткан экс-министр Космосбек Чолпонбаев 2 айга тергөө абагына камалды.