“Үч чеберден, үч көз караш” көргөзмөсү Бишкекте (видео)

2362

Үч чеберден, үч көз караш. Мындай аталыштагы көргөзмөгө белгилүү инсандардын айкелдери, кооз жаратылышты чагылдырган жана философиялык мааниси бар сүрөттөр коюлган.
Булардын бардыгы айкелчи Альбек Мухутдиновдун жана сүрөтчүлөр Сабитжан Бакашев менен Мурат Бекджановдун мааракесине арналып ачылды. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан 80-жылдарына чейин шедеврлерди жараткан авторлордун 60тан ашуун эмгеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде коюлду.