НТС

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялар Ошто жолукту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Анда делегация мүчөлөрү бир жумага созулган жолугушуу учурунда Кыргызстандын Баткен жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана облустары чектешкен жердеги аймактарга чыгып иштешкен.

Натыйжада Гава жана Гавасай аттуу аймактардагы чек ара өтчү сызыктары аныкталганын өзбек тарап билдирүүдө. Жолугушуу жыйынтыгы менен атайын протоколго кол коюлган.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өткөнүн «Азаттыкка» коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков ырастады. Ал азырынча кайсы тилкелер аныкталганы боюнча маалымат жашыруун экенин жана чек араны делимитациялоо боюнча келишимде айтыларын билдирди.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.