Кездеме калдыктарынан тигилген курактардын көргөзмөсү (видео)

2802

Кездеме калдыктарын өрттөп же ыргытып жибергенден алыс болууга чакырып, андан курактын түрүн иштеп чыккан чеберлер. Дал ошондой эмгектердин топтому Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейине көргөзмө коюлду.

«Эко-курак» деп аталган бул иш чаранын уюштуруучулары — көргөзмө жаратылышка, ордо калаанын абасына аяр мамиле жасоого багытталарын белгилешет. Анда 20га жакын уз-чебердин 70тен ашык ар түрдүү эмгектери коюлган. Көз жоосун алган курактардан жасалган буюмдар тигүүчү цехтерден чогултулган калдыктардан жаралганын авторлор өздөрү айтып бермейинче, көпчүлүк ишенбей да жатты.