Бабалардан калган балбал таштар каттоого алынууда (видео)

4370

Таласта жаңы табылган 9 балбал таш маданий-тарыхый мурастар тизмесине киргизилди. Учурда өлкө боюнча аларды каттоо иштери улантылууда. Жакын арада тарыхчылар Ысык-Көл жана Нарын областарындагы балбал таштарды эсептөөгө өтүшөт.

2 жылдан бери каттоого алынгандардын саны 300гө жетти. Кыргызстан боюнча алар 600гө чукул экен. Маданият министрлиги өлкөдөгү бардык балбал таштар боюнча бирдиктүү каталог түзүүнү сунуштап жатат.