Кытайдагы вирустан улам Азия чөлкөмүндөгү спорттук иш-чаралар токтотулду

2431

Коронавирустун күн санап жайылып жатышынын кесепетинен улам Азия чөлкөмүндө өтө турган бир топ ири спорттук иш-чаралар токтотулду. Илдеттин очогу болгон Ухань шаарында 3-14 февраль күндөрү бокс боюнча лицензиялык турнир өтмөк. Ал март айынын башында Иорданияда өтө турган болду.

Ал эми 12-13 февраль күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында, 13-15 мартта Нанкин шаарында өтө турган жеңил атлетчилердин Азия жана Дүйнө чемпионаттары кийинки жылы өтө турган болду.

Түркмөнстан да бул айдын аягында өтө турган футзал боюнча турнирди белгисиз мөөнөткө жылдырганы белгиленди. Таиландда өтө турган тай боксу боюнча Дүйнө чемпионаты жай айларында боло турган болду. Бул иш-чаралардын барында кыргызстандык спортчулардын катышуусу күтүлүп жаткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.