Олимпиаданын лицензиялык турнири Кытайда эмес, Кыргызстанда өтөт

1910

2020-жылдагы Токио олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир Кыргызстанда өтө турган болду. Негизи мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болушу керек болчу. Бирок Бириккен күрөш дүйнөсү коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган.

Эл аралык спорттук уюм бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген. Кыргыз өкмөтү менен Күрөш федерациясы мындай маанилүү иш-чараны өткөрүүгө макулдук бергенине кубанып турабыз», — деп билдирди эл аралык Күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович.

Мелдештер эми 27-29-мартта Бишкек шаарында өтөт. Федерациянын аткаруу комитетинин чечими боюнча кытайлык спортчулар алгач Белград шаарына учуп, инкубациялык мөөнөттүн алкагында эки апта болушат. Ал жакта балбандарга машыгуу үчүн атайын база даярдалат. Ошондон кийин гана Бишкекке учуп келишет.

Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги убакыт аз калганына карабай мелдешти татыктуу деңгээлде өткөрүүгө жетише турганын билдирди. Жакында меймандар менен катышуучуларды жайгаштыруу боюнча агенттик тендер жарыялайт экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.