46

Кыргызстан “кара тизмеден” качан чыгат?


Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн 128 талапты аткарышы керек. Бул үчүн көп каражат керек. Бүгүн Бишкекте авиация тармагындагы көйгөйлөргө байланыштуу жыйын өттү. Ага Эл аралык жарандык авиация уюмунун жана аба транспорту ассоциациясынын жетекчилери катышты. Кечээ Европа биримдигинин аба каттамдар боюнча комиссиясы аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн асманында учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесин жанылады. Анда Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен “кара тизмеде” калган – жалгыз өлкө болуп калууда.