Жээнбеков Казакстан президенти Токаевди туулган күнү менен куттуктады

6261

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Жээнбеков Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликтеги чараларды талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.