130

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады

Граница (2)
Кечээ күнү Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады. Эки өлкөнүн тиешелүү делегацияларынын жолугушуусу 9 күнгө созулган. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эки өлкөнүн чек арасындагы тараптардын пикири дал келген айрым тилкелер боюнча биргелешкен иш улантылганы кабарланды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын укуктук жактан жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки жолугушууларында бир нече жолу сөз болгон. Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырымга жетип, анын 320сы тактала элек.