Акылбек Жапаров эмне себептен кызматтан алынды? (видео)

4492

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров анын мурдагы кеңешчиси Акылбек Жапаровго байланыштуу кылмыш иши бар экенин эскертти. Премьер-министр депутат Акылбек Жапаров дебатта жаш саясатчыга карата ыплас сөз айтканы үчүн кеңешчи кызматынан бошотконун билдирди.

Анын үстүнө эл өкүлү өкмөт башчыга кеңеш берип деле жыргатпаптыр. Анткени үч күн жумушка чыкпай койгон. Бирок парламенттин отурумуна келген Акылбек Жапаров мунун себептерин түшүндүрүп берди.