Бишкек мэриясынын айланасындагы кезектеги чатак (видео)

3429

Бишкек шаардык мэриясынын жанында кайрадан митинг болду. Бул жолу чогулгандар жумуштан кетирилген 2 вице-мэрди ордунда калтырууну талап кылышты.

Бирок алар менен жолугушууга чыккан калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кылмышка шектүүлөр менен иштешпей турганын билдирди. Ошол эле убакта бир нече жылдан бери мэрдин кеңешчиси болуп иштеп жүргөн Гуля Алмамбетовага да иштен кетүүнү сунуштады.