2619

Кыргызстанда 124 миң жаран жаңы үлгүдөгү паспорт алды

1
Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашкандай, дагы 76 миң киши паспорт алууга арыз таштаган. Аларга берилсе, жаңы үлгүдөгү документке ээ болгондордун саны 200 миңге жетет. Паспорт жыл соңуна чейин акысыз берилет. Жаңы документте жарандын улуту, бармак изи сыяктуу бардык жеке маалыматтар атайын чипте сакталат.

Мындай үлгүдөгү паспорттор берилгени менен, өлкөдө мамлекеттик мекемелер, коммерциялык банктар аны окуган аппарат менен толук камсыздала элек.