Аткезчиликке бөгөт коюлуп, азык-түлүк баалары арзандайбы? (видео)

3285

Бодо малды жана айыл-чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу менен ички рынокто азык-түлүктүн баасы арзандашы мүмкүнбү? Өкмөт атайын токтом чыгарып, анда 14 айыл-чарба өндүрүмүн Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Тиешелүү мекеме бул аракет өлкөдө малдын башын сактап калууга жана аткезчиликке бөгөт коет деп үмүттөнүүдө. Ошол эле учурда бул чечимге нааразы болгон фермерлер да бар экен. Айтымдарында, ансыз да тоют кымбат болуп жатканда мээнет акталбай калат. Экономистер болсо, тыюу салууну аргасыз чара катары карабай, маселени чечүүнүн башка жолдорун сунушташууда.