Балдар мындан ары чиркөө жана мечиттерге ата-энелери менен гана бара алат, намазканалар каттоого алынат, диний билим берүү жайлары орто мектеп сабактарын кошо окутууга тийиш болот. Өлкөдө “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, эмне өзгөрөт?
Кыргызстанда динди жөнгө салган мыйзам 10 жылдан бери өзгөрө элек. Акыркы төрт жылдан бери дин таануучулар, ар кыл конфессия өкүлдөрү жана юристтер мыйзамдын жаңы версиясынын үстүндө иштешти.
Эгер мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынса, балдар жана өспүрүмдөр диний уюмдарда, чиркөө, мечиттерде иштей алышпайт. Сыйынуу учурунда мындай жайларга ата-энелери менен гана келишет.
“Биз бул тармакта жоопкерчиликти диний уюмдардын өкүлдөрүнө жүктөйбүз: эгер жашы жете электер келсе, алар ата-энесинин уруксаты бар-жогун такташы керек. Башка жагынан алганда ата-энелер да балдарынын диний ырым-жырымдарга катышуусун көзөмөлдөп, алардын кайда жүргөнүн билүүгө тийиш. Болбосо балдар сабактан качып, диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашкан учурлар кездешет”, –деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директор орун басары Закир Чотаев
Мындан тышкары бардык диний билим берүү мекемелери лицензия алып, сертификациядан өтөт. Диний сабактар менен кошо тарых, адам жана коом, тил сабактары киргизилет.
Биринчи жолу мыйзамда “сыйынуу бөлмөлөрү” деген термин пайда болот. Республикада алардын саны 400дөн кем эмес, бирок көбү каттоодон өткөн эмес жана көзөмөлдөнбөй келген.
Ошол эле маалда өлкөгө диний адабияттарды алып кирүү маселесин жөнгө салуу дагы каралууда. Парламент депутаттары мыйзам долбоорун жайкы эс алуудан келген соң карай баштайт.