Үйдү карактагандар кармалып, кайра кое берилген (видео)

4345

Бишкек шаарында уурулук күч алды. Бишкекте белгисиз адамдар токтоп турган бир нече унаанын айнектерин талкалап, ичинен акча жана баалуу буюмдарын алып кеткен. Учурда жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылып, кылмышкерлерди колго түшүрүү амалдары жүрүүдө.

Ал эми жакында Бишкектин Көлмө конушундагы үйлөрдүн бири чак түштө тонолгон. Уурулар турак-жайга кирип, 200 миң сом жана зер буюмдарын алып кеткен. Жабырлануучулардын айтымында, кылмышкер колго түшкө менен аны милиция кызматкерлери кое берип салыптыр.