НТС

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйдү

epa06412719 A man gives a polio vaccine to an Afghan child at Mirwice hospital in Kandahar, Afghanistan, 01 January 2018. According to reports, some 13 new cases of polio have been reported inm Kandahar and Helmand in last few days, from which four are in Shah Wali Kot district of Kandahar that is largely controlled by Taliban militants, making it difficult for Polio vaccination teams to reach the area. Afghanistan is one of the two countries along with neighboring Pakistan where polio is still endemic, crippling hundreds of children every year. EPA-EFE/MUHAMMAD SADIQ

Кыргызстанда эмдөөдөн (вакцинация) баш тарткандар көбөйүп баратат. Бул тууралуу Иммуннопрофилактика борборунан билдиришти.

Андан алынган маалыматка ылайык, 2017-жылы жети миңдей киши эмдөөдөн баш тарткан. Анын ичинен 68% өз чечимин диний көз караштар менен негиздеген. Ал эми баш тарткандардын 15% вакциналардын сапатынан күмөн санагандар. Калгандары маалымат жоктугунан вакцина албайт. Вакциналардын сапатынан күмөн санагандар көбүнчө Бишкекте жана Чүй облусунда жашайт. Буга Интернеттеги ар кандай маалыматтар себеп болот. Алар «WhatsApp», «Инстаграм» аркылуу бурмаланган маалыматтарды таратат.

«Азыр бизде эмдөө Өзбекстандагыдай милдеттүү түрдө киргизилген эмес. Өзбекстанда эмдөөдөн баш тарткандар жазаланат. Мындай көрүнүш улана берсе «эпидемиологиялык жактан таза эмессиңер» деп бизге же туристтер таптакыр кирбей коет же кирген туристтерден ар кандай оорулар жугушу мүмкүн. Азыр Европада кызамык күчөп жатат. Орусиядан мигранттарыбыз аркылуу ал бизге да келип жатпайбы», — деп билдирди Гүлбара Ишенапысова.

2016-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын жалпы саны беш миңдей кишини түзгөн.