Ара-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу камсыздалганбы? (видео)

1958

Нарын областындагы Ара-Кол ички жана сырткы туристтердин арасында эң популярдуу болууда. Дем алыш күндөрү бул жакка эс алууга баргандардын саны жүздөп саналат.

Кочкор районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Ара-Көл суу сактагычы жайында дыйкандарды суу менен камсыздаса, кышкысын муз тебе турган жайга айланат. Жергиликтүү тургундар туристтерге коньки, чана, атты ижарага берип, киреше табышат. Бирок муз үстүндө эс алгандардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет?