Лейлек трайонунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

16169

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-июлда жааган жамгырдын кесепетинен: Исфана шаары 3 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдарминистрлигинин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Раухана тилкесинде 38 бодо малды агызып, Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала жээктерин сел суулары жууп кеткен. Таза суу менен камсыз кылган таза суу түтүкчөлөрүнүн башкы суу бөлүштүргүчүнө сел суулары кирген. Чымген айылында жолго орнотулган 6 даана түтүкчөнү жана Катраң айыл аймагынын Баул айылында жана Голбо айылындагы жыгач мамычаларды сел суулары агызган. Мындан сырткары 200 метр таза суу түтүктөрүн сел суулары бузуп, ички чарбалык унаа жолду сел суулары каптаган.

Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында каналдын жээктерин жана Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 338-чакырымындагы көпүрөнүн сел тосмолорун сел суулары жууп агызып кеткен.

Жерине ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Исфана шаардык мэриясы тарабынан 4 даана экскаватор, РЭТнан 2 бригада тартылып.

14-июль күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде турак үйлөр толугу менен тазаланган. Мындан сырткары суу түтүкчөлөрү калыбына келтирилип, ички чарбалык жолдор тазаланган.