Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга көзөмөл күчөтүлөт (видео)

1607

Кыргызстанда сүттөн антибиотик табылып жатканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тастыктады. Аталган мекемеден билдиришкендей, сүттү текшеруу үчүн 360 үлгү алынып, жыйынтыгында 17синде аталган заттар бар болуп чыккан.

Эгерде бул маселеге олуттуу көңүл буруп, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларга көзөмөлдү күчөтпөсө абал мындан да оорлошу мүмкүн экендиги айтылууда. Ошол эле учурда мындай жагдайдын жаралышына аймактарда уй баккандар себепчи болуп жатканы да белгиленүүдө.