323

Кыргызстанда мечит курууга тыйюу салынабы?


Өлкөдө мечит курууну токтотуу демилгеси көтөрүлө баштады. Мындай сунуш менен алгачкылардан болуп Каракол шаардык кеңешинин депуттаттары чыгышты. Учурда Ысык-Көл областынын борборунда 9 ири мечит бар. Депутаттардын айтымында, Караколдун эли үчүн сыйынуучу жайлар жетиштүү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерге мечит курууга 2 жыл мурда эле убактылуу тыюу салынган. Анткени өлкө боюнча каттоого алынбаган үч жүздөн ашуун диний мекеме бар.