90

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар сыртка сатылбай калабы?


Өлкө Евразиялык Экономикалык биримдиктин талаптарына толук даярбы? Эки күндөн кийин бул Альянска кирүүдө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт. Эми биздин ишкерлер ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен теңтайлашып, бирдей укукта иш алып барышы керек. Бирок өндүрүшчүлөрүбүз, коңшу мамлекеттердеги бизнесмендер менен болгон атаандаштыкка туруштук бере албай калуу коркунучу турат. Алсак, жеңил өнөр-жай өндүрүшүнүн сапатын аныктап сертификат берчү лаборатория жок. Бул документти алуу үчүн ишкерлерибиз Россияга же Казакстанга барып келүүгө муктаж. Мындан башка да бир катар кемчиликтер жоюла элек.