Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду

8334

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 67 жаштагы эркек, №6 шаардык ооруканада 52 жаштагы эркек, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 69, 55 жана 70 жаштагы үч эркек, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек, Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы эркек, Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жаштагы эркек жана 55 жаштагы аял, Жайыл аймактык ооруканасында 63 жаштагы эркек жана 59, 70 жаштагы эки аял, Москва аймактык ооруканасында 49 жаштагы аял бейтап.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 345 адамга коюлду, дарыланып жаткан 67 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти. Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 268 кишиге жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.