НТС

Кыргызстанда таза сууга болгон тариф көтөрүлүшү мүмкүн (видео)

Кыргызстанда таза сууга болгон тариф кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул боюнча таза суу департаменти өкмөткө сунуш киргизди. Мекеменин жетекчиси Аскарбек Токтошевдин айтымында, учурда аймактарда калк таза суунун өздүк наркынын 20-30 пайызын гана төлөйт. Тарифти жок дегенде суунун өз баасына чыгармайынча, тармактагы көйгөйлөрдү чечүү кыйын, дешет аткаминерлер. Бүгүн парламентте калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк саат өттү. Вице-премьер-министрдин маалыматы боюнча, учурда 653 айылда суу маселеси курч турат. Аны толугу менен чечүүгө бери дегенде эле 30 миллиард сом зарыл. Бюджеттен мынча каражат бөлүү мүмкүн эмес болгондуктан, эл аралык донорлордон кредит алууга туура келүүдө.