Баткен областында сөөгү табылган аялдын ким экени аныкталды

3793

Баткен областына караштуу Лейлек районунда сөөгү табылган аялдын ким экени аныкталды. Маркум эки баланын энеси болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, маркум Тажикстандын Согдий облусунун 39 жаштагы жараны болгон.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын эки баласы бар экени аныкталган. Факты боюнча шектүү кармалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган», — дешти милициядан.

Эске салсак, 35-40 жаштар чамасындагы таякталган аялдын сөөгү 23-ноябрда болжол менен саат 10:30дарда Кулунду — Жаңы-Жер трассасынан 80 метр алыс жерден табылган. Аялдын муунтулуп, мууздалганы аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала берген жыйынтыгына ылайык, аял 3 күн мурда каза тапкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.