2-3 айылды электр жарыгы менен камсыздай алган чакан ГЭС ачылды (видео)

2254

Кыргызстанда жүзгө жакын чакан ГЭС курулуп ишке берилсе, электр энергия тартыштыгы жоюлат. Бул тууралуу Чүй областынын Сокулук районунда гидроэлектростанциянын ачылышында айтылды. Аймакта 30 жылдан бери иши токтоп турган объект электр кубатын өндүрө баштады.

Бул инвесторлордун аракети менен ишке ашып, эми мамлекет андан электр жарыгын сатып алууда. Чакан ГЭСтин ачылыш аземине катышкан президент Садыр Жапаров ишкерлерди энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.