Бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнбү? (видео)

873

Соодагерлерге алдын-ала эскертүү берилбестен эле бажы төлөмдөрү эки эсе көбөйүп кеттиби? Дордойдун соодагерлери Түркиядан товар ташуу кымбаттаганын айтып нааразы болушууда. Айтымдарында, алар бул тууралуу 3 күн мурда гана билишкен.

Салыктардын жогорулаганынан улам, бир фура кездеме үчүн ишкерлер логистикалык компанияларга 400 миң сомго чейин кошумча каражат төлөөгө туура келип жатыптыр. Бул өз кезегинде Кыргызстанда тигилген кийимдердин баасына таасир берип, дагы кымбаттай турганын айтышууда. Бирок бажычылар кырдаал өзгөрбөгөнүн билдиришүүдө.