Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы жок! (видео)

1719

Күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жок болгон аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо зарыл. Жогорку Кеңеш жалпы жыйында өкмөттү катуу сынга алып, тиешелүү жетекчилер кыламык жааган карга туруштук бералбай жатат деген баасын беришти. Парламентарийлер өзгөчө электр жарыгы байма-бай өчүп, аны менен бирге көмүрдүн наркы да асман чапчып кымбаттап жатканын айтып нааразы болушту.

Энергетика министрлиги учурда жер-жерлерде маал-маалы менен эмес, планга ылайык өчүрүүлөр болуп жатат деп элди алдоодо деген пикирлер да айтылды. Ал эми кара отундун баасы жасалма көтөрүлүп жатса, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кайда карап отурат, деп суроо салгандар да болду.