Жол кире көтөрүлсө транспорт көйгөйү чечилеби?

1513

Бишкекте кичи автобустардагы жол киренин баасы 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү 11 сомго чейин чыгышы мүмкүн. Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында талкууланды.

Анда айрым депутаттар тарифти 50 пайызга жогорулатуу жүргүнчүлөргө оор болорун айтып, бир нече баскыч менен кымбаттатууну сунуштады. Бирок вице-мэр Русланбек Акылбеков муну менен макул болгон жок. Ал жол акысын көтөрүү учурдун талабы деп эсептейт.