93

Кыргызстанда жарым жылда катталган кылмыштардын саны 13 миңге жетти

1
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин кечээ жарым жылдык ишинин жыйынтыгы талкууланган коллегияда белгилүү болду. Мекеменин маалыматтык технологиялар башкармалыгы билдиргендей, 2017-жылдын январь-июль айларында 12 908 кылмыш катталса, анын 12 209у боюнча иш козголгон. Ал эми 11 миңден ашуун кылмыштын бети ачылган. Тергөө бөлүмдөрү 9 959 кылмыш ишин иликтеп сотко жиберген.