Шайлоочу таап келгиле деп кимдер буйрук берүүдө? (видео)

4265

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча бир эле Чүй областында 15 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аталган фактылардын арасында добуш сатып алууга аракеттенген учурлар дагы бар. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары басымдуулук кылууда.

Жакында эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков мыйзам бузду деп сынга кабылган. Буга чейин азыркы депутат, ошол эле кезде талапкер мугалимдерге иш учурунда үгүт иштерин жүргүзгөнү ачыкка чыкты. Барган сайын мыйзамды одоно бузгандар ашкереленүүдө.