Кыргызстандагы ишкерликтин өнүгүүсүнө эмне тоскоол болуп жатат? (видео)

1843

Ишиңерди алгылыктуу жасоо колунардан келбей жатса, кызматынарды тапшырып кеткиле. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин отурумунда аткаминерлерге кайрылып, бизнес чөйрөсүнө бут тосууну токтотууга чакырды.

Президент архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиевге кызматынды тапшыр, деп так кесе айтты. Буга аталган тармакта көрсөткүчтөрдүн кескин начарлап кетиши себеп болду. Ошондой эле, отурумга катышкан ишкерлер бир топ көйгөйлөрүн айтууга жетишишти.