Сатуучулар ата мекендик товарды өзүнчө текчеге бөлүп сатууга милдеттендирилет

2190

Өкмөт дүкөндөргө ата мекендик товарларды колдоо боюнча өзгөчө талап койду. Ага ылайык, жергиликтүү товарлар өзүнчө текчелерге бөлүп сатылууга тийиш жана текчеге «Кыргызстанда жасалган» деген жарнамалык конструкция, баннерлер илинүүсү да кажет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Быйыл жыл башында өлкө аймагында соода ишмердүүлүгүн иретке келтирүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизилген. Мындай чечим өлкөдө өндүрүлгөн товарларды сатууга шарт түзүү жана колдоо максатында кабыл алынган. Аталган механизм өлкөдөн чыгарылган товарлардын импорттук көлөмүн көбөйтүүгө жана соода түйүндөрүнүн көп сатылышына шарт түзөт.

Ошону менен бирге сатуучулар бааны адаттан тыш көтөрүп жибербей, алган товарынын үстүнө 10 пайыздан көп кошпоо талабы да коюлган. Токтом апрель айынан тарта күчүнө кирип, иштей баштайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.