Өзбекстандын айыл-чарба азыктарына чектөө киргизилеби? (видео)

3875

Өлкө аймагына Өзбекстандан ууланган айыл-чарба азыктары киргизилүүдө. ЕАЭБдин талаптарына таянуу менен кыргыз өкмөтү коңшу өлкөдөн жашылча-жемиш ташып келүүгө тыюу салып коюшу мүмкүн эле. Бирок азырынча эскертүү менен гана чектелди. Кошуна өлкөдөн фитосанитардык көзөмөл сертификаты бар жемиштер келип, бирок текшерүүдөн өткөргөндө алардын уулуу экени белгилүү болгон.

Эки күн мурда да Өзбекстандан келген 35 тонна курма жана 25 тонна бий алмасы «Достук» бекетинен өткөрүлбөй, артка кайтарылды. Буга карабастан калаанын базарларын Өзбекстандын жашылча-жемиштер каптап, шаар тургундарынын суроо талабына ээ болууда.