476

Кыргызстандык Эркин Асрандиев Ысык-Көлдөн сүзүп өттү

3
Кыргызстандык Эркин Асрандиев уламыштарда айтылган Тору-Айгырдын жолу менен Ысык-Көлдү кесип өттү. Ал 5-август күнү көлдүн күнгөй тарабындагы Кара-Талаа кыштагынан тескейде жайгашкан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп келген. Аралык 15 чакырымдан ашып, аны сүзүп өтүү үчүн 5 саат 24 мүнөт талап кылынган. Эркин Асрандиев Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү. Ал сүзүп өткөн аралыкты былтыр АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери дагы багындырган.