НТС

Кыргызстандык келин баласынын өлүгүн таштанды кутусуна таштап кеткен

Москвада кыргызстандык келин ымыркайдын өлүгүн таштанды кутусуна таштап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 22-сентябрда Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде турган кутуну короо шыпыруучу адам байкап калып, анын ичинде наристе жатканын көргөн. Ошол замат полиция кызматкерлерин чакырат.

Укук коргоо органдары көп узабай бөбөктүн энесин табышат. Ал 23-жаштагы кыргызстандык келин экени маалым болду. Алынган маалыматтарга ылайык, жаш келин ижарага алып жашап жүргөн 3 бөлмөлүү батирде көз жарган. Анын айтымында, наристе өлүк төрөлгөндүктөн баланы кутуга таштап коюуну чечкен. Учурда кыргызстандык келин ооруканада жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.