Коомчулуктун нааразычылыгын жараткан программа (видео)

1953

Маданияттын айрым өкүлдөрү өз «чекилигин» көрбөй жатабы же мамлекеттик сыйлыктар оңду-солду таратылып калганбы? Чуулгандуу программанын авторлорун сыйлыктарынан ажыратуу демилгеси коомчулукту экиге бөлдү.

Бир тарабы маданият өкүлдөрү делгендердин «маданиятсыз» кылыгына нааразы болсо, бир тобу бул үчүн аларды катуу жазалоо аша чапкандык дешүүдө. Ал арада кээ бирлери мамлекеттик сыйлык жана наамдар оңду-солду берилгени үчүн анын баркы кеткенин айтышат.