УКМК: спортчуларга бөлүнгөн миллиондогон акча кымырылып алынды

9377

Спортчуларга бөлүнгөн 3 миллион сом кымырылды. УКМК берген маалыматка таянсак, акча Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын бюджетинен уурдалган.

Такталгандай, мекеменин башчысы Даулет Досалиев жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок иш жүзүндө ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.